Кыргызстандык спортчулар келе жаткан Олимпиада оюндарына 13 лицензия ээлешти

Кыргызстандык спортчулар келе жаткан Олимпиада оюндарына 13 лицензия ээлешти. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына ылайык, 10 лицензия күрөш боюнча, бири дзюдо, бири сууда сүзүү боюнча жана дагы бир жолдомону жеңил атлетика спортчусу ээлеген.

 

Ведомстводон белгилешкендей, дагы ок атуу жана найза сайюу боюнча лицензиялар алынышы мүмкүн.

 

Эске салсак, обндар Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.