Сокулук районундагы Акпай көлүнүн кайрадан жээктен ашып кетүү коркунучу жок

Сокулук районундагы Акпай көлүнүн кайрадан жээктен ашып кетүү коркунучу жок.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар жерине барып көлдүн абалын аныктап, анда болжол менен

1,5-2 миң куб суу калганын аныкташты. Эске кетсек, ушул жуманын башында Сокулук районунун

бийик тоо аймагында жайгашкан Акпай көлү жырылган. Андан улам сел жүрүп,

Сокулук-Төш-Булак-Шаркыратма жолунун 37-чакырымында 400 метр жолду жаап калган.