Тажикстандын кол салуусунда каза тапкан жарандардын үй-бүлөлөрүнө  1 миллион сомдон берилет

Тажикстандын кол салуусунда каза тапкан жарандардын үй-бүлөлөрүнө  1 миллион сомдон берилет. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, каражат көз жумган аскер эмес 15 адамдын жакындарына тапшырылат.

 

Ал эми жабыркагандарга алган жараатына жараша компенсация төлөнүп турат. Кызмат өтөп жатканда курман болгон аскер адамдарынын үй-бүлөсүнө кандай сумма караларын премьер атаган жок. Эске салсак, Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жалпысынан 63 адам каза тапты.