Токойду пайдалангандарга акча төлөө жолу жеңилдеди

Мамлекеттик токой фондусун пайдалангандыгы үчүн төлөм жүргүзүүгө «Токой пайдалануу» автоматташтырылган маалымат системасы иштелип чыкты. Ал азыр сыноодон өтүп жатканын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Системаны түзүүнүн максаты – токойду коргоо, сактоо, калыбына келтирүү, түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана пайдалануу үчүн төлөмдөрдүн эсебин алуу.
Системаны ишке киргизүү электрондук форматта төмөнкүдөй натыйжаларды берет:

аткарылган төлөмдөрдү көзөмөлдөп туруу;

токой чарбасында кайсы жерлер жана кандай пайдаланылып жатканын аныктоо;

алыскы аймактарда жашагандар акчасын төлөм терминалдары, электрондук капчыктар аркылуу төлөй алышат;

жүргүзүлгөн төлөмдөрдү токой чарбаларынын атайын эсептерине чегерүү.