Ысык-Көлдө беш туристтик тейлөө борбору курулууда

Ысык-Көлдө беш туристтик тейлөө борбору курулууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, алар Балыкчы шаарында, ошондой эле Бөкөнбаев, Тосор, Теплоключенка жана Түп айылдарында жайгашкан.

 

Борборлор эс алуучуларга түрдүү кызматтарды сунуштайт, анын ичинде кафелер, дүкөндөр, унаа токтоочу жайлар, фельдшердик-акушердик пункттар жана электрондук шаймандарды кубаттоочу жайлар болот. Алгачкы борбор июль айынын ортосунда Балыкчы шаарында ачылат.