Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт

Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Сузак районунун Баймаала тилкесинде жашагандарды  коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлду. Атайын комиссия бул талаптын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

 

Белгилеп кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында табигый кырсыктардын түрлөрү боюнча 1 миңден ашык кооптуу аймак бар. Аларда 1 миң 67 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келүүдө.