“Бишкек жолдорунун көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында иштер жакында башталат

“Бишкек жолдорунун көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында иштер августтун экинчи жарымында башталат.   Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Улан Уезбаевдин айтымында, тендерде биринчи фазаны ишке ашырган кытайлык компания жеңүүчү аталган.   Иштер Кытай келишимге кол койгондон кийин башталат. Эске салсак, экинчи фазанын… Кененирээк…

Бишкек мектептеринде “Санарип мугалим” вебинарлары өтүп жатат

Бишкек мектептеринде “Санарип мугалим” вебинарлары өтүп жатат. Мэриянын маалыматына ылайык, онлайн сабактарда интернеттен билим берүү, баалоо системасы жана психологиялык кризисти алдын алуу үчүн иш алып баруу темалары талкууланып жатат.   Вебинарлар 25-августка чейин уланат. Эске салсак, быйылкы окуу жылы мектептерде дистанциондук режимде башталат.   Ал… Кененирээк…

Партияларга съезддерин кадимки форматта өткөрүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес

Партияларга съезддерин кадимки форматта өткөрүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес. Бирок, Республикалык штабдын сунуштары бар, — деди novosti.kgге Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.   Анын айтымында, имаратта 50дөн ашык адамды чогултуу болбойт, ошондой эле, аралыкты сактап, башка санитардык нормаларды кармануу керек. Анын ортосунда, БШК техникалык… Кененирээк…

Нью-Йоркто алкоголдук балмуздакка уруксат берилди

Нью-Йоркто алкоголдук балмуздакка уруксат берилди. Мыйзам боюнча, мындай балмуздактын күчү 5 пайыздан ашпашы керек. Өзгөчө балмуздак 21 жаштан жогору адамдарга гана сатылат.   Штаттын губернатору Эндрю Куомо бул мыйзамды пандемиядан кийин кичи бизнести колдоо максатында киргизгенин айтууда. Ал эми мас кылган таттуунун өндүрүүчүлөрү азыктын кеңири… Кененирээк…

Учурда Бишкекте күн ысып, көбү дал ушул эс алуу аймагына бет алып жатышат

Учурда Бишкекте күн ысып, көбү дал ушул эс алуу аймагына бет алып жатышат. Андыктан, куткаруучулар сууда сүзүү эрежелерин дагы бир ирет эскертет. Көлдүн атайын сүзүү үчүн белгиленген тилкелерине гана түшүү керек.   Мас абалында сууга кирүү болбойт. Балдарды дагы жакшылап көзөмөлдөш керек, — дешет куткаруучулар.

Медицина кызматкерлердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

Медицина кызматкерлердин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкектен 182 дарыгер пансионатта 7 күн бою ден-соолугун чыңдап, эс алып келет.   Ведомстводон белгилешкендей, алар коронавирустун очогунда иштеп, өздөрү дагы ооруп, айыккан кызматкерлер.

Бишкекте Чокморов көчөсүн калыбына келтирүү жанданды

Бишкекте Чокморов көчөсүн калыбына келтирүү жанданды. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер анын Турусбеков-Үмөталиев тилкесинде аткарылып жатат. Анда асфальттын жаңы катмары төшөлүп, тротуарлар дагы курулат.   Белгилеп кетсек, иштер буга чейин эле башталып, бирок пандемиядан улам токтотулган болчу.

Кыргызстанда айрым жаныбарлар жана канаттууларга аңчылык сезону ачылды

Кыргызстанда айрым жаныбарлар жана канаттууларга аңчылык сезону ачылды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Андан белгилешкендей, августтун экинчи ишембисинен декабрдын биринчи жекшембисине чейин каман, текечер, элик, бөдөнө, көгүчкөн жана бактектерге аңчылык кылса болот. Бирок алардын ар бирине чектөөлөр киргизилген.

Чүйдүн Курама айылында заманбап калкты тейлөө борбору ачылды

Чүйдүн Курама айылында заманбап калкты тейлөө борбору ачылды. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, анда транспорт каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүктөрдү берүү процедуралары дагы көрсөтүлөт.   Буга чейин аймактагы паспорт бөлүмү жана калкты каттоо, касса жана нотариус бөлүмдөрү ар кайсы имараттарда жайгашып, иштөөгө шарттар ыңгайсыз болгон.… Кененирээк…

Кыргызстанга чет мамлекеттерден акча которуу азайды

Кыргызстанга чет мамлекеттерден акча которуу азайды. Улуттук статистика комитети жылдын 5 айына саресеп салды. Ага ылайык, чет жактан өлкөгө 699 миллион доллар которулду.   Бул былтыркы жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу аз. Которуулардын 97 пайызы Россияга туура келет. Анда иштеген кыргызстандык мигранттар мекенине 679… Кененирээк…