Криштиану Роналду карьерасындагы 800-голду киргизди

Криштиану Роналду карьерасындагы 800-голду киргизди. Форвард “Манчестер Юнайтеддин” курамында Англиянын чемпионатынын алкагында “Арсеналдын” дарбазасына эки топ киргизди.   Муну менен ал командасына жеңиш гана алып келбестен, дүйнөлүк рекордго дагы жакындады. Австриялык форвард Йозеф Бицан 805 гол киргизип, биринчи орунда турса, 801 голу менен Роналду экинчиге… Кененирээк…

Ош облусунун Араван районунун борборунда социалдык дүкөн ачылды

Ош облусунун Араван районунун борборунда социалдык дүкөн ачылды.   Анда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө картошка, сабиз, пияз, өсүмдүк майы, ун, күрүч өңдүү азык-түлүктөр акысыз берилүүдө. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, дүкөндү ачууга жеке ишкерлер менен колунда барлар демөөрчүлүк кылды. Алдыда мындай дүкөн райондун бардык айыл өкмөттөрүндө пайда… Кененирээк…

БШК автоматтык урналардын маалыматтарын көз карандысыз текшерүү жана добуштарды кол менен эсептөө боюнча топ түзүүдө

БШК автоматтык урналардын маалыматтарын көз карандысыз текшерүү жана добуштарды кол менен эсептөө боюнча топ түзүүдө. Уюмга партиялардын, коомчулуктун өкүлдөрү жана байкоочулар кирет.   Алар бардык маалыматтардын тууралыгын текшерип, БШКнын сайтындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы менен урналардын отчетторун салыштырышат, ошондой эле автоматтык аппараттардын иштешин текшеришет.

Ош облусунун Араван районунда жайкысын салкын, кышкысын жылуу аялдамалар курулду

Ош облусунун Араван районунда жайкысын салкын, кышкысын жылуу аялдамалар курулду. Тегереги айнек менен курчалган 14 аялдамага жалпысынан                   1 миллион 890 миң сом жумшалды.   Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, каражат демөөрчү тарабынан бөлүнгөн.

Бишкек мэриясы 120 электробус жана заряддоочу инфраструктураны сатып алууга тендер жарыялады

Бишкек мэриясы 120 электробус жана заряддоочу инфраструктураны сатып алууга тендер жарыялады. Шаардык транспорт башкармалыгынан билдиришкендей, унаалар кийинки жылдын күзүндө жеткирилиши күтүлүүдө.   Белгилүү болгондой, электр кубаты менен жүргөн автобустарды сатып алууга дээрлик 59 миллион доллар жумшалат, анын бир бөлүгү грант, калганы 32 жылга насыя түрүндө… Кененирээк…

Министрлердин, акимдердин орун басарларынын саны кыскарат

Министрлердин, акимдердин орун басарларынын саны кыскарат. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, 2022-жылдын 1-мартынан тарта министрлик-мекемелерге, мамлекеттик органдарга бюджеттик каражатты кызматтык унаа сатып алууга, имараттарды оңдоп-түзөөгө жумшоого тыюу салынат.   Ошондой эле аткаминерлер президенттин жана Министрлер кабинетинин чечими жок мамлекеттин эсебинен чет мамлекеттерге… Кененирээк…

Шайлоо участкаларында добуштарды кол менен эсептөө аяктады

Шайлоо участкаларында добуштарды кол менен эсептөө аяктады. Боршайкомдон билдиришкендей, бардык документтер округдук шайлоо комиссияларына тапшырылып, алар өз профилинин алкагында иш алып барууда.   Белгилеп кетсек, шайлоо комиссиясынын чечимин үч күндүн ичинде кайра карап чыгууга, ал эми БШКнын чечими боюнча сотко кайрылса болот.   БШК добуш… Кененирээк…

Чет тилин үйрөнүү эс тутумду жакшыртат

Чет тилин үйрөнүү эс тутумду жакшыртат. Башка тил билүүнүн  пайдалары тууралуу эл аралык баяндамада жазылды. Анда тил үйрөнүү менен адамдын ой-жүгүртүүсү кеңейип, математикалык жөңдөмү жакшырары айтылды.   Ошондой эле, кийинки тилди үйрөнүү барган сайын жеңил боло баштайт.   Учурда дүйнөдө англис, француз, кытай, хинди, испан,… Кененирээк…

Бул айда 3 жаңы калкты тейлөө борборлору ачылат

Бул айда 3 жаңы калкты тейлөө борборлору ачылат.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, объектилер Араван, Түп жана Жети-Өгүз райондорунда жайгашат.   Андан тышкары, Кыргызстан боюнча бир нече мекемелерде оңдоо иштери жүрүүдө. Кийин аларда дагы калкты тейлөө борборлору жайгашат. Ведомстводон белгилешкендей, өлкө аймагында жыл башынан… Кененирээк…

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 3 миллион доллар бөлүп берет

Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 3 миллион доллар бөлүп берет. Каражат тез жардам унааларын сатып алууга багытталат. Бул тууралуу фонддун жетекчиси Андрей Широков билдирди. Анын айтымында, алгач акчаны көчмө диагностикалык комплекстерди бөлүп берүүнү пландаган.   Бирок Кыргызстан артыкчылыкты тез жардам унааларына берди. Учурда долбоорду… Кененирээк…