Бишкектеги «Таш-Темир» заводунун кампасында чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкектин Кулатов көчөсүндө жайгашкан «Таш-Темир» заводунун кампасындагы өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, өрт саат 12:31де чектөөгө алынып, толук 14:19да өчүрүлгөн.   Болжол менен жалпы аянты 250 чарчы метр кампада курулуш материалдары күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант беришет

Жогорку Кеңештин жаңы депутаттары ант беришет. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Эртең, 29-декабрь саат 11:00дө парламент имаратында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт. Парламенттик шайлоо 29-ноябрда өткөн.

Жогорку сот Чүй — Кемин округу боюнча БШКнын чечимин жокко чыгарды

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик шайлоодо №31 Чүй — Кемин округунан жеңүүчү болгон Медербек Саккараевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу анын тарапташы Кайрат Чокеев билдирди.   Жогорку сот Саккараев боюнча кабыл алынган чечим тууралуу маалымат бере элек.   18-декабрда Борбордук шайлоо… Кененирээк…

Нарындагы контейнер мектептин ордуна жаңы мектеп салынды

Нарындагы контейнер мектептин ордуна жаңы мектеп салынды. Кеңеш айылында 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма-сөз кызматынан билдиришкендей, курулуш иштерине   57 миллион сом бөлүнгөн.   Мектепте 172 окуучу билим алып, 22 мугалим эмгектенет. Кеңеш айылынын окуучулары 2019-20-жылкы окуу жылын контейнер мектепте окуп баштаган.  … Кененирээк…

Бишкектин четиндеги 18 гектар айдоо жер социалдык мекемелерди куруу алдына өткөрүлдү

Бишкектин четиндеги 18 гектар айдоо жер социалдык мекемелерди куруу алдына өткөрүлдү.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Чечимди төрага Акылбек Жапаров кабыл алды.   Ага ылайык, Новопавловка айыл аймагындагы №484 контурда жайгашкан айыл чарба жерлери «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына трансформацияланат. Эске салсак, буга… Кененирээк…

Баткенде аткезчилик менен жүк ташыган 170 учур аныкталды

2021-жылы УКМКнын Чек ара кызматы тарабынан Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен жүк ташыган 170 учур аныкталды. Чек ара кызматынын Баткен аймактык башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев 28-декабрда “Азаттык” радиосуна билдиргендей, кармалган мыйзамсыз жүктөрдүн жалпы суммасы 60 млн. сомдон ашкан.   “28-декабрь күнү дагы чек арага жакын… Кененирээк…

Адистер келе жаткан жыл ээсине жагуу үчүн жаңы жылдык түндө дасторкондо эмне болушу керектигин айтып беришти

Адистер келе жаткан жыл ээсине жагуу үчүн жаңы жылдык түндө дасторкондо эмне болушу керектигин айтып беришти. Жолборс эт жакшы көргөндүктөн, эт продукцияларын даярдоо сунушталат.   Болгондо дагы куш этине ыктоо керек. Этүү салаттар дагы дасторкондун көркүн чыгарат. Шишкебек жана эт кесимдеринен табак дагы жыл ээсине… Кененирээк…

Бишкекте дагы 4 маршруттук таксинин каттамдары өзгөртүлдү

Бишкекте дагы 4 маршруттук таксинин каттамдары өзгөртүлдү. Атайын комиссиянын чечими менен №129 маршруттук каттамдын жолу жарым-жартылай өзгөртүлдү. Коммунаров көчөсүндөгү акыркы аялдамага кеткен кыймыл эми Бейшеналиева — Рыскулов — Кулиев көчөлөрү боюнча каттап,   Жибек Жолу проспектине чыгат. Ошондой эле № 215кичи автобустун каттамы Лущихин көчөсү… Кененирээк…

Кыргыз-кытай чек арасы жаңы жылдык майрамдарга жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы жаңы жылдык майрамдарга жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, 1-январдан 3-январга чейин “Торугарт-унаа жолу” жана “Иркештам-унаа жолу” өткөрүү түйүндөрү жабылат.   Бекеттер Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу жабылууда. Аталган көзөмөл-өткөрүү жайларынан транспорт каражаттарын жана жүк өткөрүү 4-январда жанданат.

Эки округ боюнча кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмеси 5-январга чейин жарыяланат

Эки округ боюнча кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмеси 5-январга чейин жарыяланат. БШКнын маалыматына ылайык, ал “Тизме” мамлекеттик порталында жайгаштырылат. Ал эми 11-январга чейин добуш берүүгө укуктуулардын аты-жөнү тиешелүү шайлоо округдарында илинет.   Жарандар алардан өздөрүн 11-январдан 16-февралга чейин текшере алат.   Эске салсак, Жогорку Кеңеш… Кененирээк…