Москвада ПЦР-тест үчүн айып салына баштады

Чет өлкөдөн келип, бирок ПЦР-тестинин жыйынтыгын бирдиктүү порталга жүктөбөгөн Москванын тургундарына 28 миллион рублден ашуун айып салынды. Бул туурасында Роспотребнадзордун шаардык башкармалыгынын сайтында жазылган. Белгилей кетсек, башка өлкөгө чыгып келген Россиянын жарандары үч күндүн ичинде COVID-19га карата ПЦР-тест тапшырып, алынган маалыматты Мамлекеттик жана муниципалдык бирдиктүү порталга жүктөшү… Кененирээк…

Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоонун жыйынтыгы 12-мартка чейин белгилүү болот

Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоонун жыйынтыгы 12-мартка чейин белгилүү болот. БШК бекиткен календарлык планга ылайык, бир мандаттуу округ боюнча талапкерлер 27-январдан баштап арыздарын берсе болот. Аларды каттоо 6-февралда аяктайт. Эске салсак, Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра добуш берүү 27-февралда өтөт. 28-ноябрда өткөн… Кененирээк…

Бишкектеги “Тынчтык” конушуна эми №211-маршруттук такси каттап баштайт

Бишкектеги “Тынчтык” конушуна эми №211-маршруттук такси каттап баштайт. Мэриядан билдиришкендей, аталган линиядагы коомдук унаа “Тынчтык” конушунан МТФга чейин жүргүнчүлөрдү ташыйт. Ал Депов көчөсү менен Фрунзеге дейре каттайт. Андан ары мурдагы эле схема менен жүрөт. Ал эми №9-автобус “Тынчтык” конушу жана “Асанбай” кичирайону ортосунда каттайт.

Кыргызстанда 135 унаа мектеби талапка жооп бербейт

Кыргызстанда 135 унаа мектеби талапка жооп бербейт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди. Анын айтымында, быйыл жол кырсыктары былтыркыга салтырмалуу 23 пайызга көп катталды. Эрежелердин бузулушуна айдоочулардын 60 пайыздан ашыгы тиешелүү окутуудан өтпөй эле айдоочулук күбөлүк алганы себеп. Андан улам, министр белгилегендей, айрым… Кененирээк…

«Чакан ГЭС» ишканасы Талас облусундагы Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 23 миллион доллар алат

«Чакан ГЭС» ишканасы Талас облусундагы Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 23 миллион доллар алат. Тиешелүү чечимди министрлер кабинети кабыл алды. Бала-Саруу ГЭСи — кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн үч генераторлуу, орточо 92 миллион кВт-саат электр энергиясын өндүрө турган чакан электр станциясы. Планга ылайык, долбоор… Кененирээк…

Украинада эми аялдар дагы аскердик каттоого алынат

Украинада эми аялдар дагы аскердик каттоого алынат. Коргоо министрлигинин аскер жашындагы эркектер менен бирге бардык кызматтагы аялдарды дагы жашаган дареги боюнча аскердик каттоодон өтүүгө милдеттендирген буйругу күчүнө кирди. Бирок кенже класстардын мугалимдери, бийчилер жана кечил айымдар милдеттен бошотулат. Каттоодон өтүүгө 2022-жылдын аягына чейин убакыт берилет.… Кененирээк…

Геометрия боюнча өткөн эл аралык олимпиададан Кыргызстандык окуучулар 1 алтын жана жана күмүш медаль утту

Геометрия боюнча өткөн эл аралык олимпиададан Кыргызстандык окуучулар 1 алтын жана жана күмүш медаль утту. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, алар ордо калаадагы мектептердин окуучулары —  Фёдор Корнияш, Назар Киргизбаев жана Ефим Якир. Биринчиликке 57 өлкөдөн 4,5 миң окуучу катышты. Так илимдер боюнча олимпиада Иранда өттү.

Бир мандаттуу округдан шайланган 33 талапкерге мандат берилет

Бир мандаттуу округдан шайланган 33 талапкерге мандат берилет. Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдан шайлангандарды Жогорку Кеңештин депутаты катары каттады. Ага ылайык, кызматтык күбөлүк жана төш белги ыйгарылат. Ошол эле учурда Чүй-Кемин шайлоо округунун жеңүүчүсү каттоого алынган жок. Буга себеп талапкердин кош жарандуулугу аныкталып, учурда… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында мэрдин жаны жылдык балатысы өттү

Жалал-Абад шаарындагы “Барпы” атындагы театрда мэрдин жаны жылдык балатысы өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев катышты. Мэрдин балаты майрамында мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыз болгон, камкорчуларынан ажыраган жана окууда ийгилик жараткан… Кененирээк…