Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө суу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 7ге чейин таза суу берүү токтотулат. Ичүүчү суу Токтогул — Манас — Исанов — Пушкин көчөлөрү чектешкен аймакта жок болот. Мэрия калкты, мекеме-уюмдарды өз убагында ичүүчү суу… Кененирээк…

БУУ: Эл аралык туризм калыбына келүүдө

Дүйнөдө өз өлкөсүнөн тышкары саякаттаган туристтердин саны пандемияга чейинки деңгээлдин дээрлик жарымына жетти. Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, кыйынчылыктарга карабастан, эл аралык туризм калыбына келүүдө. Эксперттердин болжолунда, быйыл эл аралык агымдын саны пандемияга чейинки деңгээлден 70 пайызга жетет.

COVAX программасынын алкагында Moderna жана Pfizer вакциналары келет

Кыргызстанга ушул жылдын үчүнчү кварталында COVAX программасынын алкагында 100 миң 800 доза Moderna вакцинасы алып келинет. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти. Ошондой эле Pfizer вакцинасынын 100 миң 600 дозасы жакынкы күндөрү жеткирилет. Белгилеп кетсек, вакциналар июнда эле келиши керек болчу, бирок транспорт-логистикалык көйгөйлөргө байланыштуу… Кененирээк…

Бишкекте төрт миңден ашуун үй-бүлөгө көмүр үчүн компенсация төлөнөт

Бишкекте төрт миңден ашуун үй-бүлөгө көмүр үчүн компенсация төлөнөт. Муниципалитеттен белгилешкендей, бүгүнтөн тарта аз камсыз үй-бүлөлөргө көмүр сатып алуу үчүн каражат берилет. Жалпысынан жылытуу мезгилине шаардын аймагында жайгашкан жетим балдар, туруктуу жашаган жери жок адамдар жана майыптыгы бар балдар менен иштеген төрт уюмга жана 4… Кененирээк…

Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркы ачылат

Эгемендүүлүк күнүндө Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын Достук паркы ачылат. Бул тууралуу Октябрь районунун акимчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 31-августта Байтик Баатыр жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде дагы бир сейил бак ачылат. Учурда ал жерде көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Акы төлөнүүчү тонировка бюджетти эки айда дээрлик 64 млн сомго толуктады

Акы төлөнүүчү тонировка мамлекеттик бюджетти эки айда дээрлик 64 миллион сомго толуктады. Бул тууралуу “Унаа” мекемесинен билдиришти. Маалым болгондой, 1-июндан 29-июлга чейин 792 айдоочу унаанын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат алган. Эске салсак, лицензиянын баасы жеке жактар ​​үчүн 80 миң сом, юридикалык жактар ​​үчүн 100 миң,… Кененирээк…

Ушул жумадан тарта көмүр ташуу башталат

Ушул жумадан тарта көмүр ташуу башталат. “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришкендей, учурда “Кара-Кечеде” 150 миң тонна көмүр даяр турат. Көмүр ташыган айдоочулар жакында өлкөнүн түндүк аймагына кара отунду жеткирип баштайт. Ал калкка жана Бишкек ЖЭБине жеткирилет. Белгиленгендей, кыргызстандыктар көмүрдү өлкөнүн кампаларынан сатып ала алышат.

Кадамжайдагы тойканада уулангандардын саны дээрлик 90 адамга жетти

1-август саат 11:00гө карата Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Алмаз” тойканасында уулангандардын саны 89 адамга жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 16 адам ооруканага жаткырылды, анын ичинде алгач жандандыруу бөлүмүнө түшкөн 2 бала бар. “Жабырлануучуларга биринчи медициналык жана… Кененирээк…

Чоң-Алайдагы дээрлик 100 млн сомдук сугат каналы жыл аягына чейин бүткөрүлөт

Чоң-Алай районундагы дээрлик 100 миллион сомдук сугат каналы жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарында билдирди. “Шибээ-Жекенди каналына быйыл биз 100 миллион сомго жакын каражат бөлдүк. Буюрса, 500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт, 460 гектардан ашык талаалардын… Кененирээк…

«Коопсуз шаар» долбоорун алкагында Чүйдө 30 айдоочунун унаасы тартып алынды

«Коопсуз шаар» долбоорун алкагында Чүйдө 30 айдоочунун унаасы тартып алынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан такташкандай, алар айып пулдарды төлөгөн эмес. Бир жума аралыгында облус аймагында 4 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталды. Анын ичинен мас абалында унаа башкаруу, унааны белгиленген ылдамдыктан ашыра айдоо боюнча… Кененирээк…