“Барселона” Лионель Месси менен 2 жылдык келишим түзүү ниетинде

“Барселона” Лионель Месси менен 2 жылдык келишим түзүү ниетинде. Спорт басылмалары жазгандай, каталондуктар аргентиналык оюнчуну ушул жайда кайтарууну пландап жатат.   Ошондо анын ПСЖ менен келишими соңуна чыгат. Месси “Барселонанын” кийинки жылы белгилене турган 125 жылдыгына катышып калат.   Аргентинаык форварддын кайтып келиши клуб үчүн… Кененирээк…

Чүй облусунда “Технополис” өндүрүш аймагынын курулушу башталды

Чүй облусунда “Технополис” өндүрүш аймагынын курулушу башталды. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, анда текстиль жана тигүү өндүрүшү үчүн 11 объект уюштурулат.   Ведомстводон белгилешкендей, долбоорду ишке ашыруу эл аралык стандарттарды киргизүүгө, дүйнөлүк бренддерден буйрутмаларды алууга жана кайра иштетилген сырьену каттоодо ачыктыкты камсыздоого шарт түзөт.

Чемпиондор лигасынын биринчи жарым финалчылары аныкталды

Чемпиондор лигасынын биринчи жарым финалчылары аныкталды. Алар “Реал Мадрид” жана “Милан”. Испандык клуб 2:0 эсебинде англиялык “Челсини” утуп алды.   “Милан” болсо “Наполи” менен кез келген. Беттеш теңме-тең аяктады, бирок биринчи оюнда “Милан” күчтүүрөк болгондуктан, ал турнирдин кийинки баскычына өттү. Жарым финалчылардын жуптары бүгүнкү “Бавария”… Кененирээк…

Балыкчы – Кочкор – Эпкин унаа жолунун курулушу ушул жылы жыйынтыкталат

Балыкчы – Кочкор – Эпкин унаа жолунун курулушу ушул жылы жыйынтыкталат. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата трассанын дээрлик 57 чакырымына асфальт төшөлдү.   Ведомстводон эске салышкандай, кытайлык компания менен жолдун курулушу боюнча келишим 3 жыл мурда жетишилген.   Аткаруучу компания иштерге… Кененирээк…

Кыргыз тилин билбеген мамкызматкерлер иштен бошотулат

Кыргыз тилин билбеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуштан бошотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев парламентте билдирди. Учурда парламентте «Мамлекеттик тил» жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. «Кызматкерлер сөзсүз түрдө «Кыргыз тесттен» өтүшү керек. Анда мамлекеттик тилди билгени боюнча беш… Кененирээк…

Айт намаз Эски аянтта окулат

Айт намаз Эски аянтта окулат. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. 21-апрелде таңкы саат 4төн 8ге чейин борбордук көчөлөр кыймылга жабылат.   Айт намаз дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолорунан башталып, андан кийин жалпылап намаз окулат.

Электр энергиясынын тарифтерин жогорулатуу менен жылдык киреше 2,5 миллиард сомдон ашат

Электр энергиясынын тарифтерин жогорулатуу менен жылдык киреше 2,5 миллиард сомдон ашат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди. Ал эске салгандай, 1-майдан тарта калк бир киловатт-саат үчүн 77 тыйындын ордуна 1 сомдон төлөйт.   Эгер керектөөчү айына 700 киловатт-сааттан ашык колдонсо, анда тариф мурдагыдай –… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң бай шаарлары аталды. Биринчи орунда Нью-Йорк турат

Дүйнөнүн эң бай шаарлары аталды. Биринчи орунда Нью-Йорк турат. Учурда бул америкалык мегаполисте 340 миң миллионер жашайт. Экинчи орунда Токио – 290 миң миллионер жана 285 миң миллионери менен Сан-Франциско калаасы үчилтикти бекитет.   Дүйнөнүн эң бай шаарларынын катарында ошондой эле Лондон, Сингапур, Лос-Анжелес, Гонконг,… Кененирээк…

Айланма Чүй каналынын курулушу ушул жылы башталат

Айланма Чүй каналынын курулушу ушул жылы башталат.   Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, иштерди Кытай жүргүзөт. Долбоорду ишке ашыруу жылына суу жоготууну 400 миллион кубометрге чейин кыскартып, Чүй өрөөнүн суу менен камсыздоону жакшыртат.

Кыргызстанда тез төлөм системасын киргизүү пландалууда

Кыргызстанда тез төлөм системасын киргизүү пландалууда.   Улуттук банктын маалыматына ылайык, төлөм системаларын жаңыртып, алардын функцияларын кеңейтүүгө шарт түзгөн талаптар иштелип чыкты.   Жаңычылдык коммерциялык банктардын кардарларына реалдуу убакыт тартибинде төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. 2025-жылга чейин бардык зарыл инфраструктура түзүлүшү керек.