Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди

 Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:36да өлкөнүн Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Подгорный айылында 3,5 балл, Жети-Өгүз, Светлая… Кененирээк…

Кыргызстанда насаатчылык институту киргизилди

Министрлер Кабинети «Ишканада (уюмда) насаатчылык жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтом кабыл алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камчыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Насаатчылык – бул ишкананын же уюмдун эң квалификациялуу адистеринен, иш стажы жок кызматка дайындалган жаш адистерге, билим жана көндүмдөрдү өткөрүп… Кененирээк…

Кыштын камын азыртан көрүү сунушталат

Кыштын камын азыртан көрүү сунушталат. Мэрия көмүр сатуу түйүндөрүнүн даректерин жарыялады.   Биринчи май районунда 4 түйүн бар, алар Алыкулов, Достоевский, Мурманск жана Путепроводная көчөлөрүндө жайгашкан.   Ошондой эле кара отунду Достоевский, 1 жана 97 даректеринен алса болот. Көмүрдүн бир тоннасынын баасы 6 миң сомдун… Кененирээк…

Ош-Төлөйкан унаа жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгып калды

Ош-Төлөйкан унаа жолунда асфальт төшөө иштери аягына чыгып калды. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аталган трассанын жалпы 5 чакырымына асфальт төшөө иштери июнь айында башталган.   Учурга карата жумуштардын 70 пайызы аяктады. Жеринде 10 атайын техника жана 15 жумушчу иштеп жатат.

Кыргызстанда эттин сапатын эми QR-код менен текшерсе болот

Кыргызстанда эттин сапатын эми QR-код менен текшерсе болот.   Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы этти сатып алардан мурун кодун сканерлеп, сапатын жана сактоо мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүнчүлүк берген идентификациялык системаны ишке киргизди.   Эттин сапатын, малдын жашын, кайдан келгенин, качан союлганын, ал тиешелүү ветеринардык –… Кененирээк…

Кыргызстандык жөө күлүктөр Венгрияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандык спортчулар Венгрияда өтө турган жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, турнир 19-27-августта Будапешт шаарында өтөт. Чемпионатка Кыргызстандан Тимур Исаков менен Гүлшанай Сатарова машыктыруучу Андрей Полубабкиндин жетекчилиги астында катышат.

Өзбекстандын премьери Абдулла Арипов Чолпон-Атага иш сапары менен келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ардактуу конокту «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Арипов эртең, 26-августта, Чолпон-Ата шаарында өтө турган кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда 1-сентябрга карата 17 жаңы мектеп колдонууга берилет

Жалал-Абад облусунда 1-сентябрга карата 17 жаңы мектеп колдонууга берилет. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алардын үчөө Аксы районунда, экиден Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул райондорунда жана бир билим берүү мекемеси Тогуз-Торо районунда жайгашкан.   12 мектептин курулушу мамлекеттик бюджеттен, бири жергиликтүү бюджеттен каржыланса, 4… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына кол койду

Президент Садыр Жапаров “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Документке ылайык, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү мекемесинин жетекчиси 5 жылга дайындалат жана бир мекемеге 10 жылдан ашык жетекчи боло албайт.   Билим берүү мекемелерин аккредитациялоого мындан ары ыктыярдуу түрдө ишке ашырылат.   Башталгыч, негизги жана… Кененирээк…

Түп районунда сел каптаган 98 турак үй жана короо жайлары тазаланды

Түп районунда сел каптаган 98 турак үй жана короо жайлары тазаланды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Корумду айылында 41, Көөчү айылында 24, Талды-Сууда 33 үй, 1 мектептин ашканасы, 1 бала бакчанын жертөлөсү, короо жайлары толук тазаланып, 13 көпүрө жана 5 миң 450 метр ички чарбалык жолдор… Кененирээк…