Кыргызстанда бир-эки айдын ичинде 35 мамлекеттик дарыкана ачылат

Кыргызстанда бир-эки айдын ичинде 35 мамлекеттик дарыкана ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда адистер элге керектүү дары-дармектин тизмесин даярдап, аны кайсы жактан алууну тактап жатат.   «Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары өндүрүүчүлөрдөн дары сатып алынып, арзан жана жогорку… Кененирээк…

Кыргызстанда нандын баасына киргизилген мамлекеттик жөнгө салуу жыл аягына чейин күчүндө болот

Кыргызстанда нандын баасына киргизилген мамлекеттик жөнгө салуу жыл аягына чейин күчүндө болот. Бул тууралуу “Экономист” агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, жакынкы арада нандын баасын жөнгө салуунун болжолдуу көрсөткүчтөрү бекитилет. Эске салсак, мындай чара кечээ киргизилди.   Бул социалдык-маанилүү азыктын… Кененирээк…

Нурзат Нуртаева Азия оюндарынын алтын медалы үчүн күрөшөт

Нурзат Нуртаева Азия оюндарынын алтын медалы үчүн күрөшөт. Айпери жарым финалда Тайвандан келген атаандашына үстөмдүк кылса, Нуртаева монголиялык атаандашынан күчтүү болду.   Ал эми Айсулуу Тыныбекова Япониядан келген спортчуга утулуп калып, эми коло медаль үчүн күчүн сынап көрөт.

Айпери Медет кызы Азия оюндарынын финалына чыкты

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Азия оюндарынын финалына чыкты. Жарым финалдык беттеште Медет кызы тайвандык спортчу Чан Хуэй-Цзыны 8:0 эсебинде жеңди.   Алтын үчүн беттеште Айпери Медет кызы казакстандык спортчу Жамиля Бакбергенова менен күч сынашат.   Аталган мелдеште кыргыз… Кененирээк…

Улуттук банк интервенция жүргүздү

Улуттук банк интервенция жүргүздү.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтындагы маалыматка ылайык, эл аралык валюта рыногу 27 миллион доллар сатылды. Жалпысынан жыл башынан бери Улуттук банк 12 интервенция жүргүзүп, 610 миллион доллар чыгарган.   Белгилеп кетсек, бул каржылык операция чет элдик валютанын курсунун серпилүүсүн токтотуу… Кененирээк…

Ысык-Көл аймагында күчү 4 баллга жеткен жер тирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-октябрь түнү саат 00:43тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ак-Суу районунун Эңилчек, Кургак айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн… Кененирээк…

Ош шаарында жумуш жана кесип жарманкеси өттү

Иш-чарада жаңы карьералык мүмкүнчүлүктөрдү ача турган, Joop Bar аттуу жумуш издөө боюнча инновациялык платформанын ачылышы өткөрүлдү. 170тен ашуун жумуш издеген жаштар менен 25 жумуш берүүчү компаниялар бир аятнчада чогулуп, жаштар JoopBar платформасы аркылуу тандаган кесиптеги бош орундарга тапшырды.   Жарманкеге катышкан Forester ишканасынан кадрларды тандоо… Кененирээк…

Ош шаарынын 3023 жылдыгы белгиленди

5-октябрда А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо Ош шаарынын 3023 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Шаар күнүнө карата чет элдик ырчылардын катышуусунда чоң программадагы гала- концерт өттү.   Гала-концертке шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов катышып, жалпы келген конокторду жана шаар… Кененирээк…

Америкалык ырчы Бейонсенин турнеси жарым миллиард доллардан ашык чогултту

Америкалык ырчы Бейонсенин турнеси жарым миллиард доллардан ашык чогултту. Рекорддук тур 1-октябрда Миссури штатында жыйынтыкталды. Кассалык чогултуулар менен турне эң кирешелүү турлардын ондугуна кирди.   Жалпысынан ырчы Европа жана АКШнын 39 шаарына барды, концерттерге жалпысынан   2,5 миллион билет сатылган.

11-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

11-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Фрунзе көчөсү, Манас проспекти, Жибек Жолу проспекти, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу убактылуу токтотулат.   Бишкек мэриясы… Кененирээк…