Аналитиктер Парижде ушул жайда өтө турган Олимпиада оюндарынын кирешесин эсептеди

Аналитиктер Парижде ушул жайда өтө турган Олимпиада оюндарынын кирешесин эсептеди. Күтүлгөндөй, шаар эң аз дегенде 6 миллиард евро табат. Эксперттер болжолдошкондой, оюндар учурунда Франциянын борбор шаарында 3 миллионго чейин турист келет.   Белгилеп кетсек, Олимпиаданы үч тарап каржылап жатат.7 миллиард евро медиа укук ээлеринен, демөөрчүлөрдөн,… Кененирээк…

Энергетика министрлиги мамлекеттен 100 миң сом алуу үчүн талаптарды эскертет

Энергетика министрлиги мамлекеттен 100 миң сом алуу үчүн талаптарды эскертет. Ведомство маалыматына ылайык, “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында каражат социалдык паспорту бар же “үй-бүлөгө көмөк” пособиесин алган аз камсыздалган үй-бүлөлөргө берилет.   Талапкерлер ишке жарамдуу болуп, реалдуу бизнес-план түзүшү керек. Бул жылы мамлекет менен социалдык келишимди… Кененирээк…

Чүй облусунда 29 подстанцияда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт

Чүй облусунда 29 подстанцияда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, андан тышкары, 126 подстанция жаңыртылып, 2 миң чакырымдан ашык электр өткөрүү линиялары калыбына келтирилет.   Иштер келе жаткан күзгү-кышкы сезонду ийгиликтүү өткөрүү жана керектөөчүлөргө сапаттуу электр энергиясын берүү максатында жасалууда.

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу жок болот.   Мэриянын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан түнкү 12ге чейин суу 7-апрель, Салиева, Фрунзе, Курманжан Датка, Лермонтов көчөлөрүн, Шабдан Баатыр, Жибек Жолу проспектилерин бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу.

Өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө карата 120га жакын борбор ачылат

Өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө карата 120га жакын борбор ачылат.   Бул тууралуу Novsti.kgге Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева билдирди.   Анын айтымында, тестирлөө өтө турган борборлордун так саны кошумча каттоодон кийин, абитуриенттердин санына жараша аныкталат. Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөө… Кененирээк…

Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу округдар боюнча парламент депутаттарын шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси жарыяланды

Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу округдар боюнча парламент депутаттарын шайлоого карата добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси жарыяланды. Жарандардын аты-жөнү “Тизме” порталында жайгаштырылды.   19-июнга чейин шайлоочулар өздөрүн тизмеден текшерип, катачылыктар болсо аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылуу керек. Эске салсак, Ноокат жана Ысык-Көл бир мандаттуу… Кененирээк…

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү милдеттүү камсыздандыруу системасын киргизүү сунушталууда

Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү милдеттүү камсыздандыруу системасын киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы коомдук талкууга чыгарды.   Анда жарандарды милдеттүү камсыздандыруу полистерин сатып алууга түрткү берүүчү кыйыр механизмдерди колдонуу зарылдыгы белгиленген.   Тактап айтканда, кыймылсыз мүлктү каттоо, күрөөгө коюу үчүн… Кененирээк…

Кыргызстанда күйдүргү боюнча эпизоотиялык абал туруктуу

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө күйдүргү боюнча эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирди. Мекеме 16-майда кабарлагандай, Ветеринардык кызматтын, Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун адистери буга чейин бир кишиге күйдүргү жукканы айтылган айылга барып, иликтөө жүргүзүшкөн. Анда союлган малдын… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдик жарандар аныкталды

Бишкекте Пакистандын жарандары тигүүчү цехтерде мыйзамсыз иштеп келген. Бул тууралуу УКМК билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 28 чет элдик жарандын визасынын жарактуу мөөнөтү бүтүп калган. «Документи жок чет элдиктер бренд кийимдерди тигишкен. Тартип бузгандар Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына… Кененирээк…

Кыргызстанда автомектептердин унаалары текшерилүүдө

Кыргызстанда автомектептердин унаалары текшерилүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.   Рейддин алкагында автомектептердин курсанттарды үйрөтүүчү авто унаалары текшерилип, аныкталган кемчиликтерине тийиштүү айып пулдар салынууда.   Белгилеп кетсек, «Үйрөтүүчү транспорт каражаты» аталышындагы профилактикалык рейд 13-майдан 19-майга чейин уланат.