Ар кандай аянттарды ичүүчү суу менен сугарууга тыюу салынат

Ар кандай аянттарды ичүүчү суу менен сугарууга тыюу салынат. Бишкек мэриясы эскерткендей, короолорду, килемдерди жана машинелерди да ичүүчү суу менен жууганга болбойт.   Жашыл жерлерди сугарууга суу эсептегич бар болсо гана, түн жарымынан таңкы саат 5ке чейин уруксат берилет.   Бул багытта мыйзам бузуулар аныкталса,… Кененирээк…

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар насыя алат

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 миллион доллар насыя алат. Макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Каражат абанын сапатын көзөмөлдөөчү станцияларды курууга, химиялык лабораторияны модернизациялоого, абанын сапатын болжолдоо жана эскертүү ыкмаларына, жеке үйлөрдү жылытуу үчүн таза технологияларды… Кененирээк…

Таластын Бакай-Ата районунда мектептин курулушу аяктады

Таластын Бакай-Ата районунда мектептин курулушу аяктады. Билим берүү мекемеси Ынтымак айылында жайгашат.   Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, ал 2 кабаттан туруп, 375 окуучуга чакталат. Имаратта окуу кабинеттеринен тышкары компьютердик класс, спорт зал, ашкана бар. Мектептин курулушуна каражат мамлекеттик бюджеттен  бөлүнгөн.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүүдө

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүүдө. Бүгүнкү күнгө карата андагы нымдуулук 8 миллиард 894 миллион куб метрди түздү, — деп билдиришти “Электр станциялары” ишканасынан.   Суунун агып келиши секундасына 137 куб метрди түзсө, керектөө секундасына 1 миң 642 куб метрди түзүүдө.

Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 3 миллион сомго жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 3 миллион сомго жеңилдетилген насыя берилди.   Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кредит аталган аймактарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында берилүүдө.   Каржылоону 23 субъект алып, берилген жалпы сумма 3 миллион 300 миң сомду түздү. Насыялоого… Кененирээк…

Кыргызстанга буга чейин ташылып келген оң рулдуу унааларга бир жолку мунапыс жарыялап, каттоо сунушталды

Кыргызстанга буга чейин ташылып келген оң рулдуу унааларга бир жолку мунапыс жарыялап, каттоо сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште коомдук талкууга чыгарылды.   Документте буга чейин алынып келген оң рулдуу машиналардын техникалык абалы жакшы экени жана баасы да элдин чөнтөгүнө туура келгендиги белгиленген.   Буга… Кененирээк…

Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат

Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ички иштер министрлиги Бишкек гарнизонунун өздүк курамы жана элдик кошуундун 2,5 миң мүчөсү коомдук тартипти көзөмөлдөп, чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугун камсыз кылып жатканын билдирди.   Ведомстводон белгилешкендей,  социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарга күч колдонууга чакырган жана жалган маалыматтарды таркаткандар кылмыш… Кененирээк…

Ошто мыйзамсыз иштеген майнинг-фермалар аныкталды

Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунун аймагындагы мыйзамсыз майнинг-фермалардын (криптовалюта өндүрүү) ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Маалыматка ылайык, жалпы майнинг-фермаларда колдонулган 900дөн ашык жабдуу алынган. «Аталган майнинг-фермалардын ээлери «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамды бузуп, расмий каттоосуз жана милдеттүү сертификаты жок, катталуу жана башка… Кененирээк…

Ирандын президенти Эбрахим Раиси каза болгону тастыкталды

Ирандын президенти Эбрахим Раисинин тик учак кырсыгынан көз жумганын РИА Новости Mehr агенттигине шилтеме кылып жазды. Раиси 64 жашта эле. Ал аталган өлкөнү 2021-жылдын августунан тарта башкарып келе жаткан. Буга чейин кырсыктаган тик учактагылардын баары көз жумду деп айтылып жаткан. Маалыматтарда бортто өлкө башчыдан сырткары эки аткаминер,… Кененирээк…

Улуу Британияда 965 миң долларга кадимки салфетка сатылды

Улуу Британияда 965 миң долларга кадимки салфетка сатылды. Анда футболчу Лионель Мессинин “Барселона” менен түзүлгөн биринчи келишимдин тексти жазылган.   Аны ким сатып алганы белгисиз. Келишим 2000-жылы, Месси 13 жашында түзүлгөн. Кийин эки тарап расмий документтерге кол коюшкан. Эске салсак, Месси “Барселонада” 21 жыл ойноду.… Кененирээк…