Пенсиянын алдыдагы жогорулатуусу боюнча премьер Акылбек Жапаров дагы маалымат берди

Пенсиянын алдыдагы жогорулатуусу боюнча премьер Акылбек Жапаров дагы маалымат берди.   Министрлер кабинетинин жетекчисинин айтымында, ушул жылдын 1-октябрынан тарта Социалдык фонд тарабынан белгиленген пенсия азыркы өлчөмдөн 72 пайызга жогорулап, 6 мин 800 сомдон кем эмес болот. Муну менен бийлик Конституцияда жазылган норманы ишке киргизүүдө.  … Кененирээк…

Караколдогу 700 млн сомдук «Ак-Тилек» базары мамлекетке өттү

Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базары Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин балансына өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди. Базардын аянты 29 119,6 чарчы метрди (болжол менен 3 га) түзүп, болжолдуу баасы 700 миллион сомдон ашат. «Ак-Тилек» кооперативинин жетекчилери финансы-чарба жаатында көп сандаган эрежелерди бузуп, ири өлчөмдө зыян келтиргени аныкталган.… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдү газдаштырууга 4,31 млн сом жеңилдетилген насыя берилди

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштырууга 4,31 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жеңилдетилген насыя аталган аймактарды газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2» долбоорунун алкагында «Айыл Банк»… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,5 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 27-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 млрд 553 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1220 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 220 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү… Кененирээк…

Бишкекте “Мурас” турак-жай комплексинин курулушунун экинчи этабы старт алды

Бишкекте “Мурас” турак-жай комплексинин курулушунун экинчи этабы старт алды. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, жалпысынан анда тогуз 24 кабаттуу үй курулат.   Биринчи фазасы өткөн жылдын жазында башталган. Анын алкагында 18 кабаттуу 11 үй салынып жатат. Биринчи этаптын объектилери ушул жылы колдонууга берилет.   “Мурас” турак-жай… Кененирээк…

Транспорт министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды

Бектурсун Дыканбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министр Тилек Текебаев кол койду.   Бектурсун Дыканбаев буга чейин министрликке караштуу жол чарба департаментинин иштерди пландаштыруу, даярдоо жана кабыл алуу бөлүмүн жетектеген.

Саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого каражат бөлүндү

Саламаттык сактоо уюмдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого каражат бөлүндү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Талас медициналык колледжинин жылуулук системасын оңдоого 5 миллион сом берилет.   Ошондой эле, Балдардын тез жардам клиникалык ооруканасына лифт жана медициналык жабдууларды сатып алууга 70 млн сом, мындан тышкары Улуттук хирургия борборунун операциялык, реанимация… Кененирээк…

Калкты тейлөө борборлорунда электрондук кезектин жаңы системасы ишке киргизилүүдө

Калкты тейлөө борборлорунда электрондук кезектин жаңы системасы ишке киргизилүүдө. Санариптик өнүктүрүү министрлиги буга байланыштуу убакытты онлайн режиминде брондогон Early One тиркемеси ишин токтотконун билдирди. Ага ылайык, мурда берилген бардык талондор ушул жылдын 2-июнунан баштап жараксыз болот.   Ал эми электрондук кезектин жаңы системасы этап-этабы менен… Кененирээк…

Кыймылсыз мүлк менен операцияларды накталай төлөөдө мамлекеттик алым көтөрүлдү

Кыргызстанда кыймылсыз мүлк менен операцияларды накталай түрдө төлөөдө мамлекеттик алым көтөрүлдү. “Акчабар” порталы жазгандай, мындай чара акча жүгүртүүнүн ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана накталай эмес төлөмдөрдү стимулдаштыруу максатын көздөйт.   Эми накталай акча менен кыймылсыз мүлктү алып-сатуу келишимдерин түзүүдө алым 10 эсеге көбөйөт. Маселен, бүтүмдүн тараптары балдар,… Кененирээк…

Түп районунда 750 окуучуга чакталган жаңы мектеп курулат

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 750 окуучуга чакталган жаңы мектеп курулат. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, курулушка тендерди Турак-жай жарандык курулуш департаментинин облустук башкармалыгы жарыялады.   Объекттин сметалык баасы 455 млн сомдон ашат.