Кыргызстандын төрт облусуна чукул кырдаал киргизилди

Селге байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарында чукул кырдаал киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, мындай чечим селдин материалдык жана экономикалык кесепетин эсептөө жана жоюу үчүн кабыл алынды.   Мекеме 7-июлга чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел коркунучу… Кененирээк…

Ноокат районунда ири селден кийин калыбына келтирүү иштери уланууда

Ноокат районунда ири селден кийин калыбына келтирүү иштери уланууда. Кырсык болгон аймакта 300 куткаруучу иштеп жатат, анын ичинде Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери дагы бар.   Алар биргеликте табият кырсыгынын кесепеттерин жоюуда. Ноокат районунда өзгөчө кырдаал режими күчүндө. Эске салсак, 28-июнда аймакта сел жүрүп, 10… Кененирээк…

Франция футболчулары курамасына чейрек финалга жолдомо камсыздашты

Франция футболчулары курамасына чейрек финалга жолдомо камсыздашты. Кечээ жарым чейрек финалдын алкагында Дидье Дешамдын тарбиялануучулары Бельгия курамасы менен кез келди.   85-мүнөттө Коло Муани тепкен топ Бельгиянын жарым коргоочусу Ян Вертонгенге тийип, дарбазага кирип кетти. Жыйынтыгында, бул автогол Францияга жеңиш алып келди. Оюн эсеби 1:0.… Кененирээк…

Токтогулда суунун көлөмү 11 миллиард кубометрден ашты

Токтогулда суунун көлөмү 11 миллиард кубометрден ашты.   Бул тууралуу “Электр станциялары” билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 995 куб метрди түзсө, керектөө секундасына 440 куб метрди түзүүдө.   Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп Азис Сапаралиев дайындалды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу болуп Азис Сапаралиев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.   Эми анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Эске салсак, мурдагы министр Мелис Тургунбаев 26-июнда Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалды.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБинин директору алмашты

Бишкек ЖЭБинин директору алмашты. Алпбек Садыров өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Нургазы Курманбеков дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.   Нургазы Курманбеков “Электр станциялары” ишканасында иштеген, 2021-2022-жылдары ЖЭБди башкарган.  Алпбек Садыров жылуулук-энерго борборду быйыл январдан бери жетектеп келаткан. Белгилеп… Кененирээк…

Португалия курамасы Евро чемпионатынын чейрек финалга өттү

Португалия курамасы Словенияны пенальти сериясында утуп, Евро чемпионатынын чейрек финалга өттү. Негизги убакытта дагы, кошумча таймдарда дагы гол киргизилген жок. Андан кийин калыстар пенальти белгиледи.   Бул бөлүктө Португалия курамасынын дарбазачысы Диогу Кошта өзгөчөлөнүп, словениялыктардын 3 тобун тосо алды. Кийинки баскычта Португалия Франция курамасы менен… Кененирээк…

Бишкектеги Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ушул айдын ортосунда ачылат

Бишкектеги Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ушул айдын ортосунда ачылат. Мэриядан билдиришкендей, учурда көлдүн түбүн тазалоо жана скважиналарды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.   Ошондой эле айланасына асфальт төшөлөт. Андан кийин көл таза суу менен толтурулуп, шаар тургундар үчүн жеткиликтүү болот.

Кыргызстанда эски ID-карталарды жаңы биометрикалык карталарга алмаштыруу өнөктүгү жүрүүдө

Кыргызстанда эски ID-карталарды жаңы биометрикалык карталарга алмаштыруу өнөктүгү жүрүүдө. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, кеп 2004-жылкы үлгүдөгү AN сериялуу паспорттор тууралуу болуп жатат.   Алар   2024-жылкы ID-карталарга акысыз алмаштырылат. Акция 31-августка чейин созулат. Жаңы үлгүдөгү паспорттор актуалдуу персоналдык маалыматты камтыгандыктан, аларды алмаштыруу менен маалымат базасы жаңыртылып,… Кененирээк…

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу толук ачылды

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолу толук ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 43-чакырымындагы Чили-Сай көпүрөсүн калыбына келтирүү иштери жүрүп, каттам жанданды.   Белгилеп кетсек, буга чейин Ош – Баткен – Раззаков унаа… Кененирээк…