Архитектура, курулуш жана коммуналдык турак-жай чарба мамлекеттик агенттигинин адистери Ноокат районундагы жабыркаган объектилерди карап чыкты

Архитектура, курулуш жана коммуналдык турак-жай чарба мамлекеттик агенттигинин адистери Ноокат районундагы жабыркаган объектилерди карап чыкты.   Ведомстводон билдиришкендей, ылай аралаш суу 59 үйдү жана коммерциялык имараттарды каптады.   Андан тышкары, Гулистан айылында 3 үй жараксыз абалга келди. Аймактагы инженердик тармактар дагы текшерилүүдө. Жеринде тазалоо, калыбына… Кененирээк…

Кыргызстан документи “Паспорт индекси” рейтингинде 12 позицияга абалын жакшыртты

Кыргызстан документи “Паспорт индекси” рейтингинде 12 позицияга абалын жакшыртты.   Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, быйыл биздин паспорт 68-орунда жайгашат. Бул визасыз режим кабыл алынган өлкөлөрдүн саны көбөйүп жатканы менен түшүндүрүлөт, — дешти ведомстводон.   Бүгүнкү күндө Кыргызстан жарандары 27 өлкөнүн аймагына визасыз кирүү укугуна ээ.… Кененирээк…

Ошто Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда 76 миллион сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт

Ошто Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадионунда 76 миллион сомго оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Тиешелүү тендерди Ош мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырды.   Андагы маалыматка караганда, стадионго ФИФАнын талабына ылайык гибриддик көк майсан жана чуркоо аянтчасына резина төшөлөт.   Белгилеп кетсек, аталган стадион өткөн… Кененирээк…

Чолпон-Атада көп кабаттуу ипотекалык үйлөр салынат

Чолпон-Атада көп кабаттуу ипотекалык үйлөр салынат. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев соцбаракчасынан кабарлады. Маалыматка ылайык, мурдагы аэропорттун ордуна 20 блоктон турган беш кабаттуу жана 56 блоктон турган тогуз кабаттуу үй курулат.   Турак-жайларда 3 миңден ашык батир болот.   Кичи райондо ошондой эле… Кененирээк…

Абшыр-Ата айылындагы Шаран-Сай көпүрөсү калыбына келтирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди

Абшыр-Ата айылындагы Шаран-Сай көпүрөсү калыбына келтирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Жол каттамын ачуу максатында беш инженердик техника, ошондой эле Түштүк-Кыргызцемент заводунан төрт атайын техника тартылган.   Белгилеп кетсек, Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында  30-июнда Көк-Жар – Абшыр-Ата унаа жолунун 8-чакырымындагы Шаран-Сай көпүрөсү… Кененирээк…

Кыргызстанга БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш келди

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бүгүн, 1-июлда, Кыргызстанга келгенин министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди. Аны “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды. “Башкы катчы сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен эки тараптуу… Кененирээк…