Түштүк Кореяда Кыргызстанда саякаттоо тууралуу жарнамалык
фильм көрсөтүлөт. Бул тууралуу Туризм департаментинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 50 мүнөттүк ролик кореялык телеканалда
көрсөтүлөт. Роликте Кыргызстандын маданияты жана
туристтик потенциалы тууралуу баяндалат.