Кыргызстандын ар бир облусунда күзүндө коронавируска ПЦР анализ алуу үчүн 8 лаборатория ачылат. Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында, ведомство зарыл болгон жеке коргонуучу заттарды, аппараттарды сатып алып, обсервацияларды даярдайт.
Медициналык жайлар сатып алууга тендерлерди жарыялап баштады. Абдикаримов белгилегендей, биринчи кезекте 8 оорукананын инфекциялык бөлүмдөрү оңдоп-түзөөдөн өтөт.