Чүй облусунун Кайыңды шаарында эс алуу зонасы пайда болот.
Мамлекеттик сатып алуулар порталы билдиргендей, долбоорго калаа мэриясынан
2 миллион 200 миң сом каралды. Курулуш Октябрдын 60 жылдыгы көчөсүндө жүрөт.
Сынакка катышуу үчүн арыздар 16-июнга чейин кабыл алынат.