Бүгүн, 9-июнь күнү саат 02:37де Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 3 баллга
жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын күчү Таш-Көмүр жана Майлуу-Суу шаарларында
2 баллга чейин жетти. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.