Жалал-Абад облусундагы аз камсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлдү.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Сузак,
Базар-Коргон, Ноокен райондорунда жана Жалал-Абад шаарында
социалдык коргоо башкармалыгынын каттоосунда турган 1 миң 860
үй-бүлөгө 1 тоннадан көмүр акысыз таратылды. Жарандарды көмүр менен
камсыз кылуу иш-чарасы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен өттү.