Геометрия боюнча өткөн эл аралык олимпиададан Кыргызстандык окуучулар
1 алтын жана жана күмүш медаль утту. Билим берүү министрлигинен
билдиришкендей, алар ордо калаадагы мектептердин окуучулары — Фёдор Корнияш,
Назар Киргизбаев жана Ефим Якир. Биринчиликке 57 өлкөдөн 4,5 миң
окуучу катышты. Так илимдер боюнча олимпиада Иранда өттү.