Ошто өзбекстандык өндүрүштөгү жаңы 50 автобус пайда болот. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Транспортту сатып алууга кредиттик макулдашуу кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду менен жетишилди.
Автобустардын баасы жана долбоорго багыттала турган каражаттын жалпы суммасы азырынча такталбайт.