Кыргызстанга Россиядан дагы 20 мугалим келди. “Россиялык мугалим чет өлкөдө” гуманитардык долбоорунун алкагында келген окутуучулар биздин өлкөнүн 14 мектебинде иштейт.
Алар Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында жайгашат. Мугалимдер балдарды орус тилинде окутуп, башка предметтерди дагы орус тилинде жүргүзөт.