АКШда “Дьявол носит Prada” тасмасындагы үй сатылды. Турак-жайдын баасы – 26,5 миллион доллар. Тасмада ал журналдын башкы редактору Миранда Пристлинин үйү болчу.
Бул ролду актриса Мэрил Стрип аткарган. Үй 6 кабаттан, 20 бөлмөдөн, 10 жуунучу жайдан жана бир нече ашканадан турат. Анда ошондой эле китепкана, баскетбол аянтчасы жана чатырда терраса бар.