Кыргызстандын ички дүң продукциясынын көлөмү 1 триллион сомго чукулдады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын январь-октябрь айларында ИДП 919 млрд сомдон ашты. Өлкөнүн ИДПсы эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу триллионго жетип жатканын бийлик буга чейин белгилеген.
ИДП бул – жашылча, мөмө-жемиштерден баштап, кен байлыктарга чейин, өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана транспорт, туризм, соода сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү.