Ысык-Көл облусунда жаңы жол белгилери орнотулду. Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, көрсөткүч такталар Тоң районунда пайда болуп, Сан-Таш комплексине баруучу жолду, Көл-Тор көлүнө аралыкты жана Ак-Суу районундагы Жергез капчыгайына баруучу жолду көрсөтөт.
Ошондой эле белгилер Жети-Өгүз району үчүн даярдалды.
Алар Жууку, Кызыл-Жар капчыгайлары жана Чоң-Кызыл-Суу жергесине алып барат.