Ош облусунун Ноокат районунда жаңы бала бакча ачылды. Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришкендей, 100 бөбөккө чакталган объект Арбын айылында жайгашат.
Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин курулушу 2018-жылы башталган. Иштер мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.