Ошто көп кабаттуу үйлөрдүн жана административдик имараттардын фасаддары боелууда. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Иштерди муниципалдык турак-жай – коммуналдык ишкана жүргүзүп жатат. Бүгүнкү күндө 15 объекттин сырткы көрүнүшү жаңыртылды. Бул максатта 2 миллион 800 миң сом жумшалды. Каражаттын жарымын жергиликтүү тургундар чогултканы белгиленди.