Эл аралык айыл чарбаны өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 9 миллион доллар бөлүп берет.
Тиешелүү мыйзам долбоорун парламент депутаттары кабыл алды. Каражат жайыттардан жана токойлордон көз каранды болгон айыл жергесиндеги аярлуу кожолуктарды колдоого жумшалат.
Долбоордун максаты – дыйкандарга туруктуу киреше камсыздоо жана айыл жергесиндеги жакырлыктын деңгээлин төмөндөтүү.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.