АКШда окуучуларга Хэллоуин майрамында “Кальмар оюну” сериалындагы каармандардын кийимин кийүүгө тыюу салынды.
Бул 15 жашка чейинки балдарга тиешелүү. Өлкө бийлиги мындай чечимди сериалда зордук-зомбулук көрүнүштөрү көп болгондугу менен түшүндүргөн.
Буга чейин Британиядагы билим берүү мекемелери дагы тынчсыздануудан улам кореялык сериалды кичинекей балдарга көрсөтпөө өтүнүчү менен ата-энелерге кат жолдоп жатышканын маалымдалган. Ошондой эле мындай чектөөлөр Испанияда дагы орун алган.