Америкалык ырчы Бейонсенин турнеси жарым миллиард доллардан ашык чогултту. Рекорддук тур 1-октябрда Миссури штатында жыйынтыкталды. Кассалык чогултуулар менен турне эң кирешелүү турлардын ондугуна кирди.
Жалпысынан ырчы Европа жана АКШнын 39 шаарына барды, концерттерге жалпысынан 2,5 миллион билет сатылган.