Кыргызстанда Айыл чарба министрлиги кайра түзүлдү

Кыргызстанда Айыл чарба министрлиги Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы болуп кайра түзүлдү. Президент кол койгон жарлыкка ылайык, анын жетекчилигине Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев дайындалды.

 

Бакыт Төрөбаев 2022-жылдан бери Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп иштеп келе жатат

 

. Ал эми башка ишке өткөнүнө байланыштуу деген жүйөө менен мурдагы министр Аскарбек Жаныбеков кызматтан бошотулду.