Бүгүн 5 миң 400 абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт

Өз убагында төлөм жүргүзбөгөн ордо калаадагы 5 миң 400 абоненттин жарыгы бүгүн аралыктан өчүрүлөт. Бишкек электр тармактар ишканасы жаңы жылда жарыксыз калбоо үчүн электр энергияга карызды өз убагындоо төлөөгө чакырат.

 

Бересени почта бөлүмдөрүндө, кезек күтпөстөн терминалдар, электрондук капчыктар аркылуу дагы төлөсө болот.