Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев – Көл-Төр – Дөң-Талаа унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, план боюнча аталган жолдун 5 чакырым аралыгына асфальт төшөө каралган, учурда 4,4 км асфальт-бетон төшөлдү.
Жолду асфальттоо иштерин «Кыргызавтожол» МИнин Ысык-Көл филиалынын №33 Жол тейлөө ишканасы аткарууда.