Баткенде тажик тараптын кол салуусунда жараксыз калган үйлөрдүн ордуна жаңыларын куруу уланууда

Баткенде тажик тараптын кол салуусунда жараксыз калган үйлөрдүн ордуна жаңыларын куруу уланууда. Аймактык капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, 114 турак-жайдын пайдубалы тургузулду, 13 үйдүн пайдубалдан кийинки курулушу башталды.

 

Калган 200 үйдүн курулушу азырынча токтоп турат. Башкармалык муну куруучулардын жоктугу менен түшүндүрдү. Андан тышкары, толугу менен тазалана элек тилкелер дагы бар.  Белгилеп кетсек, жаңжалдан кийин 420 үй жараксыз деп табылган.

 

Президент Садыр Жапаров алардын ордуна жаңы турак-жайлар  жаңы жылга чейин курулуп бүтөт деп убадалаган болчу.