Бишкек ЖЭБинин учурдагы активдүү кубаттуулугу 310  мегаватты түзүүдө

Бишкек ЖЭБинин учурдагы активдүү кубаттуулугу 310  мегаватты түзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдайт. Сырттагы абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу “Бишкекжылуулуктармагына” берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +61 градусту түзүүдө.

 

Бүгүн кечкиге чейин ЖЭБдин активдүү кубаттуулугу дагы көтөрүлөт, — дешти министрликтен.

 

Белгилеп кетсек, суук түшкөндөн бери шаар тургундарынан көптөгөн арыз-даттануулар түшүүдө. Айрым үйлөрдө батареялар муздак болуп, ысык суу жок экени кабарланган.