Бишкекте 26-майдан тарта Ахунбаев көчөсү ремонттук иштерге жабылат

Бишкекте 26-майдан тарта Ахунбаев көчөсү ремонттук иштерге жабылат.

 

Буга байланыштуу, айрым коомдук транспорттун каттамына өзгөртүүлөр киргизилет. Маалыматка ылайык, №6 жана №10 троллейбус каттамдары убактылуу жабылат.

 

Алардын ордуна жаңы троллейбустар кое берилет — №3 троллейбус Фрунзе заводунан Аламүдүн-1 кичи районуна чейин, №15 троллейбус Асанбай кичи районунан Аламүдүн-1ге чейин жүрөт. Ошондой эле №11 троллейбус убактылуу Ахунбаев, Тыналиев, Масалиев көчөлөрү менен каттайт.