Бишкекте сарайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан чыккан өрт саат 15:36да толук өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоого 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.

 

Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, иске ууланган бир жаран куткарылган.

 

Өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам батирден эвакуацияланган.