Бишкекте Тез жардам кызматынын кошумча 8 бригадасы ишке кирди

Бишкекте Тез жардам кызматынын кошумча 8 бригадасы ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

 

Анын айтымында, шаар тургундарынан медициналык ыкчам жардам көрсөтүү кеч көрсөтүлүп жатканына арыздангандар көбөйүүдө. Андыктан, кошумча бригаларды уюштуруу чечими кабыл алынды.