Бишкекте жыл башынан бери санитардык-экологиялык эреже бузууларга  3,5 миллион сом айып салынды

Бишкекте жыл башынан бери санитардык-экологиялык эреже бузууларга  3,5 миллион сом айып салынды.  Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди.

 

Анын айтымында, январдан тарта 363 протокол түзүлгөн. Амантуров ишканаларга имаратынын айланасын таза кармап, бактарды сугарып туруу керек экенин эскертти.

 

Анын айтымында, желимдөөчү жайларда эски дөңгөлөктөрдү көчөгө чыгарып коюуга тыюу салынат. Ошол дөңгөлөктөр жеке менчик мончолорго жагылып жатканы аныкталса катуу чара көрүлөт, — деди чиновник.