Бишкектеги №20 мектеп-гимназиясына Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды

Бишкектеги №20 мектеп-гимназиясына Азербайжандын мурдагы жетекчиси Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, иш-чарага Садыр Жапаров жана Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиев катышты. Жапаров өз сөзүндө Кыргызстанда мектепке ысым ыйгаруу эки тараптуу мамилелердеги орчундуу окуя экенин белгиледи.

Анын айтмында бул эки элдин бекем достугун жана өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты айгинелейт.

Мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга кечээ, 11-октябрда келген Илхам Алиевдин сапары бүгүн жыйынтыкталды.