Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду калыбына келтирүү иштери башталды

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду калыбына келтирүү иштери башталды.

 

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, спорт аренасынын трибунасы жаңыртылып, жарыктандыруу жана сугаруу системалары алмаштырылат.

 

Андан тышкары, эсепти көрсөткөн табло, трибуна алдындагы имараттар жана турникеттер оңдолот. Иштер сентябрга чейин аяктайт деп пландалууда.