Бишкектеги Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ушул айдын ортосунда ачылат

Бишкектеги Комсомол көлүндө сууга түшүү сезону ушул айдын ортосунда ачылат. Мэриядан билдиришкендей, учурда көлдүн түбүн тазалоо жана скважиналарды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

 

Ошондой эле айланасына асфальт төшөлөт. Андан кийин көл таза суу менен толтурулуп, шаар тургундар үчүн жеткиликтүү болот.