Бишкектеги мектептерде бут кийимди милдеттүү түрдө алмаштыруу киргизилет.
Мэриянын маалыматына ылайык, жаңычылдык азырынча ордо калаанын Биринчи Май районундагы жаңы билим берүү мекемелерине тиешелүү болот.
Эл арасында жүрүм-турум маданиятын, тартипти жана тыкандыкты жайылтуу максатында №75, 78, 99 жана 101-мектеп окуучулары мектепке келгенде бут кийимин алмаштырышат.
Бул эрежеге жакын арада Биринчи Май районундагы бардык мектептер милдеттүү түрдө өтөт.