Бишкектин муниципалдык бала бакчаларында 1-майдан тарта ата-энелердин төлөмү жогорулатылды

Бишкектин муниципалдык бала бакчаларында 1-майдан тарта ата-энелердин төлөмү жогорулатылды. 24 агенттигине вице-мэр Виктория Мозгачева түшүндүргөндөй, бул мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тамактануу нормасы көбөйтүлгөнүнө байланыштуу.

 

Эгер буга чейин балдардын тамактануусуна күнүнө 60 сомдон бөлүнсө, эми бул сумма 120 сомго жеткирилди.

 

Республиканын бала бакчаларында биргелешип төлөө системасы болгондуктан, сумманын жарымын муниципалитет төлөсө, жарымы ата-энелерге тиешелүү. Ошондо эки тарап буга чейин күнүнө тамактанууга 30 сомдон төлөсө, эми 60 сомдон төлөйт.