Быйыл Бишкекте дээрлик 19 миң бала 1-класска барат.
Вице-мэр Виктория Мозгачева билдиргендей, Бишкек мектептеринде балдардын саны
көп болгондуктан 1-класстар эки топко бөлүнөт. Билим берүү беш күндүк болуп,
мектептеги окутуу негизги сабактар боюнча жүргүзүлөт. Мамлекеттик стандартты
аткаруу үчүн калган сабактар онлайн форматында уюштурулат. 1-сентябрь
Билим күнү реалдуу режимде өтөт. Мозгачева белгилегендей, эпидемиологиялык
абал туруктуу болбогон аймактарда, балдардын саны
20дан ашкан класстар да топторго бөлүнөт.